«Байтерек» ракета комплексинде учуу сынактары 2022-жылы башталат

Жаңы «Байтерек» ракета комплексинде учуу сынактарын 2022-жылы баштоо мерчемделген. Сенат депутаттары Казакстан менен Орусиянын ортосундагы аталган комплексти куруу тууралуу келишимге киргизилген оңдоолорду ратификациялоо тууралуу мыйзамды жактырышты. Долбоор «Союз-5» ракета-ташуучусунун негизинде ишке ашырылууда. Орусия ракетаны жасоо үчүн жооп берет. Буга 900 миллион доллардан ашуун каражат жумшалат. Ал эми Казакстан «Зенит-М» комплексинин жер үстүндөгү инфраструктурасын модернизациялоону камсыз кылат. Бул максатта аны ижарага берүүдөн бошотуу караштырылып жатат.

АСКАР ЖУМАГАЛИЕВ, САНАРИПТИК ӨНҮГҮҮ, ИННОВАЦИЯЛАР ЖАНА АЭРО КОСМОС ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРИ:

- Бул башкарыла турган комплекс болот, - деп көздөлгөн эле. Азыркы тапта Орусия  Казакстан тарапка мындан баш тартууну сунуштады. Бул экономикалык натыйжалуулукту жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет жана Казакстан тараптын чыгашаларын азайтат. Башында чыгашалар 314 миллион доллар көлөмүндө эсептелсе, бүгүнкү күндө комплексти курууга жана аны жаңыртууга 233 миллион керек деп жатабыз.

Фото: azattyq-ruhy.kz