Актөбөлүк китепканалар фонду “Абай таануу” чыгармасы менен толукталат

Актөбөлүк китепканалар фонду “Абай таануу” чыгармасы менен толукталат. Буга чейин аймактагы билим борборлоруна таратылган чыгарма окурмандардын кызыгуусун күчөткөн. Китептин автору Кудайберген Жубанов атындагы Актөбө аймактык мамлекеттик университетинин ректору, абай таануучу – Бауыржан Ердембеков. Жогорку окуу жайы улуу акындын  175 жылдыгын белгилөө жылын баштаган. Быйыл Абайдын туулган жерине жасалган таанып-билүүчүлүк экспедиция тууралуу тасма менен альбом жарык көрөт.

АБАТ ПАНГЕРЕЕВ, К.ЖУБАНОВ АТЫНДАГЫ АКТӨБӨ МАУ “АБАЙ ТААНУУ ЖАНА УЛУТТУК РУХАНИЯТ” ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Университетте Абай таануу сабагы мурунтан бери жүргүзүлүп келе жатат. Былтыр “Абай таануу” илимий-изилдөө борбору ачылган. Абайга байланыштуу илимий долбоорлорго катышабыз. Андан кийин студенттер, магистранттар, докторанттар Абай темасына байланыштуу диплом иштерин, илимий диссертацияларын жазышат.

Ал эми, Таразда Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карай китеп көргөзмөсү ачылды. Ага залкар акындын ыр жыйнактары, кара сөздөрү, насааттары коюлган. Ошондой эле, кеменгердин өмүр жолуна, чыгармаларына арналган окумуштуу-жазуучулардын 80ден ашуун изилдөөлөрү менен эмгектери да бар. Көргөзмө Абай жөнүндө билип, бай мурасы менен таанышкысы келгендерге кеңири мүмкүнчүлүк берет.

ГҮЛФАЙРУЗ ИҢКАРБЕКОВА, ОБЛУСТУК БАЛДАР жана ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Абайдын чыгармалары аркылуу тарбия берүүнү максат кылып жатабыз. Бул көргөзмө бир жыл бою иштейт. Фондго түшкөн бардык жаңы басылмалар ушул көргөзмөдөн орун алат.

Фото: Хабар 24