Актөбө облусунун Кобда районуна туристтердин кызыгуусу жогору

Актөбө облусунун Кобда районуна туристтердин кызыгуусу жогору. Өткөн жылды эле алганда, «баатырлар мекени» аталган аймакка 30 миңге жакын саякатчы келген. Анын басымдуу бөлүгү тарыхый, маданий эстеликтерди кыдырып, тубаса табиятына күбө болушкан.

ЖАНАРГҮЛ БИБИТОВА, КОБДА РАЙОНДУК ИШКЕРЛИК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ

- Кобыланды баатыр күмбөзүнө 10 200 адам келди. Алар Орусиянын чек арасына жакын райондорунун окуучулары менен студенттери. Көбүнчө Орусиядан келет, былтыр Канадалыктар да болушту. Германиялыктар да бар. Блогерлер өз демилгеси менен келишет. Өткөн жылы эки топ конок болуп кетишкен.

Туристтерди тартууга арналган райондун мерчеми мындан үч жыл мурун бекитилген. Жыйынтыгында, Алия Молдагулованын жашоосу менен эрдигин даңазалаган патриоттук борбор, Кобыланды баатыр жана 14-15-кылымдардын бермети болгон Абат-байтак күмбөздөрүнө карата атайын каттам иштелип чыкты.  Былтыр мындай үч окшош жерге келген туристтердин саны 24 миңге жакындаган.

ГҮЛБАРШЫН ЕРГАЛИЕВА, ОБЛУСТУК ТАРЫХЫЙ-ЧӨЛКӨМ ТААНУУ МУЗЕЙИНИН РАЙОНДУК ФИЛИАЛЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

- Убагында Алкей Маргулан атап өткөн «Ачык асман астындагы музей» дейбиз го, ошол жерге келүүчүлөр абдан көп болду. Бизде Кобда жеринде башка да ыйык жерлер ачылып, алдыда «улуу талаанын жети кырына» кирген «руханий жаңыруу» алкагында көптөгөн тарыхый орундар ачылуусу мүмкүн.

Район акимчилиги өкүлдөрүнүн айтуусунда, конокторду күтүүгө арналган дагы эки объект салуу көздөлүп жатат. Ал эми туристтик сезон алдыдагы жаз мезгилинен башталмакчы.

Фото: el.kz