Султан Бейбарыс күмбөзүндө 77 миңге жакын кол жазма сакталган

Сирияга атайын сапары менен барган «Бабалар изи менен» илимий экспедициясынын мүчөлөрү Дамаскта Султан Бейбарыстын комплексинин абалы менен таанышты. Ыйык жай жүздөгөн жылдар бою медресе, китепкана катары иштеп келген. Ал эми 2009-жылы Казакстан өкмөтүнүн колдоосу менен татаал оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ичинде заманбап китепкана жана окуу залдары бар. Күмбөздө улуу талаа элдери жана кыпчактардын жашоо шарты тууралуу миңдеген кол жазма сакталган.

МОФАК ДОГМАН, ТАРЫХ ЭСТЕЛИКТЕРДИ ИЗИЛДӨӨЧҮ:

- Азыр бул жерде эң маанилүү делген китептердин кыскача түшүндүрмөсү жазылган 77 миңге жакын жыйнак бар. 11 миңдей кол жазма бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук китепканасына көчүрүлдү. Алардын көбү Жакынкы Чыгышты Султан Бейбарыс башкарып турган кезде жазылган. Арасында султандын жеке мөөрү басылган документтер да кездешет. Ал айланасына окумуштууларды жыйнап, дүйнө жана диний тармактарда илимий эмгектердин жазылышына алгылыктуу салым кошкон.

Султан Бейбарыстын күмбөзү дүйнөдөгү эң касиеттүү жерлердин бири Омейяд мечитине жанаша салынган. Чыңгыз хандын урпагы Хулагунун чабуулунан таш-талканы чыккан байыркы чеп Султан Бейбарыстын нускоосу боюнча оңдоп-түзөөдөн өткөн.

САПАР ИСКАКОВ, «БАБАЛАР ИЗИ МЕНЕН» ИЛИМИЙ ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бейбарыс коргон архитектурасына өзгөртүүлөрдү киргизген. Бул жерде кошумча мунаралар тургузулган. Бейбарыс кеткенден кийин чеп бир канча оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Султан Калауын каналды чоңойтуп, жаңычылыктарды киргизген. Андан кийинки башкаруучулар да аталган эстеликтин өзгөрүшүнө өз салымдарын кошкон. Аталган чептин тарыхы бай.

Сапар алкагында экспедиция мүчөлөрү Султан Бейбарыстын урпактары менен жолугушту. Ошондой эле, бабалардын күмбөзүнө зыярат кылып келген экспедиция мүчөлөрүн Сириянын Маданият министри кабыл алды. Жолугушуунун алкагында 21-кылым саякатчысы аталган Сапар Искаков эки өлкөнү жакындаштыра турган тарыхый маданий мурастар тууралуу сөз козгоп, министрге 12-кылымда колдонулган кобыздын көчүрмөсүн белекке берди.

Фото: Хабар 24