«Bek Air» аба компаниясындагы кемчиликтер аныкталды

«Bek Air» авиа компаниясынын «пайдалануу жана учууга жарамдуулугу тууралуу тастыктамаларын» колдонуу белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду. Мындай чечимди «Казакстан авиациялык акимчилиги» кабыл алды. «Бэк эйрди» текшерүүнүн жүрүшүндө одоно кемчиликтердин бири - сааттар менен циклдерди көзөмөлдөө үчүн сериялык номерлер тууралуу маалымат бере турган даректер жадыбалы алынып салынган. Мындай абал бир нече кыймылдаткычка байланыштуу аныкталган.

Жалпысынан алганда, учактардын жарамдуулугун текшерүү канааттандырарлык эмес деп бааланды. Азыркы учурда компанияда текшерүү иштери улантылууда. Текшерүү аяктагандан кийин компания 10 күн ичинде бардык кемчиликтерди жою үчүн «Казакстан авиациялык акимчилигине» мерчемдерин сунуштоого тийиш. Эгер кемчиликтер 6 ай ичинде жоюлбаса, «пайдалануу жана учуу жарамдуулугу тууралуу тастыктамалар» биротоло жокко чыгарылат.

Фото: inbusiness.kz