Улуу Абайды даңазалоо

Абай мурасы улуттук тарбиянын кайнап жаткан булагы. Өлкөнүн улуттук музейи улуу инсандын 175 жылдыгына карата өрнөктүү өмүрү менен чыгармачылыгынан кабар берген бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатат.

Учурда музей фондунда акындын жашоодо колдонгон жеке буюмдары сакталып турат. Алардын бири Семей музейине өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, кол жазмалары менен башка да баалуу экспонаттары өлкө назарына коюлат. Буга кошумча жакында башкы музейде Абайдын «Жидебай-Бөрүлү» тарыхый-маданий жана адабий мемориалдык корук-музейинин көргөзмөсүн ачуу да көздөлүп жатат.

АЙБАР КАСЕНАЛИ, РКНЫН УМ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Абайдын өзү эле нечен кырлуу адам. Анын ыр мурасы, күү мурасы, илим менен билими бар. Бул жаатта окумуштуулардын пикирин угуу максатында эл аралык конференция уюштуруу пландалып жатат. Мунун бардыгы Казакстан Республикасынын Улуттук музейине тиешелүү милдеттердин алкагында аткарыла турган иштердин катарына кирет.

Фото: inform.kz