Түркестан шаарындагы Яссауи атындагы Эл аралык казак-түрк университетине өзгөчө макам берилди

Түркестан шаарындагы Кожа Ахмет Яссауи атындагы Эл аралык казак-түрк университетине өзгөчө макам берилди. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. Эми ЖОЖ академиялык, башкаруучулук жана каржылык маселелерде өз алдынча болот. Университет Ph.D. философия доктору жана тармак боюнча доктор даражасын даярдоого, билим берүү программасынын мазмунун аныктоого жана жеке үлгүдөгү дипломдорду берүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Өзгөчө макамдагы окуу жайынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү быйыл жайында чыгат. Ал жерде казак студенттери менен бирге дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөлөрүнүн жаштары билим алууда. Жогорку окуу жайында билим берүү системасы 4 тилде: казак, орус, англис жана түрк тилдеринде жүргүзүлсө, профессор-окутуучулардын курамында  чет өлкөдөн атайын чакыртылган адистер бар. Белгилей кетсек, өлкөдө университет биринчилерден болуп «эл аралык» макамына ээ болгон.

МИРАС ДАУЛЕНОВ, РК БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул университеттин алдында дүйнөлүк билим берүү программаларын даярдоо милдети турат. Бул эмне дегенди билдерет? Өзгөчө макам – университетке өз алдынча окуу программасын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Билим борбору мамлекеттик стандарттын алкагында канча окуу сааты керек экенин өзү белгилейт. Башкача айтканда, универститет окуу программасын өзү каалагандай өзгөртө алат. Ар ким өзүнө жеткиликтүү тилде окуй алат. Студент биздин жогорку окуу жайында англис жана түрк тилдеринде билим ала алат жана окуу жайын бүтүргөндөн кийин дүйнөнүн каалаган жеринен жумуш таба алат. Университет бүткүл борбор азиялык аймактын студенттерин көп санда тартууга жөндөмдүү негизги алдыңкы катардагы билим берүү программаларын жасоого багытталган.

Фото: bilimdinews.kz