Илияс Жансүгировдун 18 китеби табылды

Казак поэзиясынын алпы, Алаштын татыктуу уулу Илияс Жансүгировдун буга чейин эч бир жерде жарыяланбаган 18 китеби табылды. Китептер Орусиянын мамлекеттик архив фонддорунда жаткан. Баалуу экспонаттарды жаш окумуштуу Елдос Токтарбай тапты. Аталган чыгармалар жакын арада кайрадан басылып чыгат. Аны менен бирге Жансүгиров өз колу менен жазган 73 документтин көчүрмөсү жасалды. Ал эми Елдостун эмгеги эскерүүсүз калган жок. Ал Илияз Жансүгировдун 125 жылдык майрамына карай уюштурулган сынактын жеңүүчүсү аталды.

ЕЛДОС ТОКТАРБАЙ, АЛАШ ТААНУУЧУ:

- Биз муну менен токтоп калбайбыз. Илиясты изилдөө маселесин келечекте да улантабыз. Ойлорубуз, мерчемдерибиз бар. Буюрса Жансүгировдун жана анын урпактары, куугунтукка кабылган жакын туугандары, атасы жана трагедиялык сүйүүсү, үй-бүлөлүк маселеси да жекече изилденет деген ишенимим бар.

Фото: Хабар24