Bek Air жетекчиси учактын канаттарына муз тоңуусу мүмкүн деген версия менен макул

Bek Air башчысы Алматыдагы учак апаатынын болжолдуу себептери менен макул.

Эске сала кетсек, өткөн аптада тергөө иштеринин алдын ала жыйынтыктары жарыяланган. Борттогу кара кутуга жазылган маалыматтардын жыйынтыгы боюнча, жүргүнчүлөр учагынын кырсыкка кабылышына аба транспортуна муз тоңуусу себеп болушу мүмкүн.

Учурда эл аралык авиакомитети менен Европалык учуу коопсуздугу боюнча комитетинин адистери учактын учуу жолун моделдөөнү колго алды. Бүгүнкү күндө компаниянын иши токтотулган. Каттамдар күн сайын кийинкиге калтырылып жатат.

Bek air сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, үчтүн айынын 15-16на пландалган сапарлар да ишке ашырылбайт. Билеттин акчасы жүргүнчүлөргө толугу менен кайтарылып берилет.

Фото: lada.kz