Учак кырсыгынан каза болгон жүргүнчүлөрдүн жарандыгы аныкталды

Украинанын тышкы иштер министрлиги курмандыктардын жарандыгы жөнүндө маалымат жарыялады. Бортто бардыгы 167 жүргүнчү менен кошо экипаждын 9 мүчөсү болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык, апаат учурунда Ирандын - 82, Канаданын - 63, Украинанын - 11, Швециянын - 10, Ооганстандын - 4, Германия менен Улуу Британиянын 3төн жараны болгон. Эске сала кетсек, Боинг 737 учагы Тегерандагы Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунун жанында кырсыкка учураган.

Учак асманга көтөрүлгөндөн кийин кыймылдаткычтардын бири иштен чыгып өрттөнүп кеткен. FlightRadar 24 рейстерди көзөмөлдөө кызматы бул учактын үч жарым жылга жакын убакыттан бери иштеп келгени тууралуу кабарлоодо.

Ал арада аба транспортунун кара кутусу табылып, текшерүүгө жиберилди.

Фото: liter.kz