Казакстан 2020-жылы саякаттоого арналган мыкты өлкөлөрдүн катарына кирди

Казакстан жигердүү туризм сүйүүчүлөрү үчүн мыкты өлкөлөрдүн катарына кирди. Британ коомчулугунун бэкпекерлеринин пикири боюнча, өлкө 2020-жылы келүүгө милдеттүү мамлекеттер рейтингинде бешинчи орунга ээ болду.

Айта кетсек, бул туризм тармагындагы эл аралык серепчилердин добуш берүү жыйынтыгынан алынган маалымат. Изилдөө 2010-жылдан бери жүргүзүлүүдө. Серепчилер атап өткөндөй, окуяларга бай туризм, айрыкча жаштар арасында жалпы дүйнөлүк трендке айланууда. Азыркы учурда саякатчылар, өзгөчө тажрыйба алгысы келгендер, белгисиз багыттарды тез-тез тандайт.

ЕРНУР КЕНЖЕБЕКОВ, «KAZAKH TOURISM» УК АК МАРКЕТИНГ, САНАРИПТЕШТИРҮҮ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

-Бэкпекерлерге арналган жайлар абдан көп. Биринчиден, Алматы жана Алматы облусунда. Бул тармакта көптөгөн табигый объектилер бар. Мисалы Шарын капчыгайы, тоолуу аймактар, биздин өзгөчө тоолуу көлдөрүбүз, улуттук парктарыбыз, андан кийин Батыш Казакстанды да атап өтүү керек. Анда Үстүрт, Босжыра, Турыш жайыттары сыяктуу уникалдуу табигый ресурстар бар. Башкача айтканда, мындай жаратылышка бай жерлер бардык эле өлкөдө боло бербейт. Кооздугу боюнча Бурабайды да белгилөөгө жана Чыгыш Казакстандын табиятын айтууга болот. Бул негизинен бэкпекерлерди өзүнө тарта алган аймактар болуп саналат.

Ата мекендик серепчилердин айтымында, республика өзүнүн тубаса табияты менен гана айырмаланбайт. Казакстанга карай агылган коноктор кышкы жана жайкы эс алуу түрлөрүнө байланыштуу туристтик иш-чаралардын ар кандай түрлөрүнө күбө боло алышат. Көбүнчө чет элдик туристтер Улуу Талаа көчмөндөрүнүн өздүк маданияты менен таанышууга кызыктар. Бул жагдай улуттук спорт  түрлөрүн, элдин турмушу менен тамак-аштарын даңазалоого мүмкүндүк берет.

Фото: yandex.com