Алматы: Тоо туризмин өнүктүрүү

Алматынын туристтик жайлары бүткүл дүйнөнүн саякатчыларын өзүнө тартууда. Аймакка жыл сайын миллиондон ашык коноктор келет. Айта кетсек, туристтер үчүн эң жагымдуу багыттардын бири - тоолуу аймактар. Жыл сайын ага 500 миңге жакын турист келет. Бирок серепчилердин айтымында, беш жылдан кийин алардын саны 2,5 миллионго жетет. Мындай милдетти Өкмөт 2025-жылга чейин туризм тармагын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы алкагында коюп жатат. Учурда туристтер арасында белгилүү тоо жолдору жакшыртылууда. Алар көрсөткүчтөр, маалымат такталары, ошондой эле, күркөлөр жана отургучтар менен жабдылууда. Буга катар, жакында шаарда тоо туризмин өнүктүрүү боюнча алгачкы долбоордук кеңсе ачылат.

ТИМУР ДҮЙСЕНГАЛИЕВ, «KAZAKH TOURISM» УК АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ

-Долбоордук кеңсенин башкы милдети - аталган аймактагы мамлекеттик программанын бардык эрежелерин ишке ашыруу болуп саналат. Инвестицияларды тартуу  жагынан, мамлекеттик жеке менчик кызматташтык долбоорлору жагынан, туризмде кадрларды калыптандыруу үчүн база куруу, туризмдеги стандарттар, кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу багытында жана башка тармактар боюнча иштөө.

Чет элдиктерге виза берүүнү жеңилдетүү жана аны алуу мөөнөттүн кыскартуу, долбоорлорду ишке ашырууда жана инвесторлорду издөөдө туристтик бизнеске жардамдашуу жана көмөк көрсөтүү. Бул долбоорлоо кеңсеси ишке ашыра турган милдеттердин жарымы гана. Мындай долбоорлор жакын арада өлкөнүн Бурабай, Баянаул, Имантау-Шалкар курорттук аймагы, Алакөл жана Балкаш, Түркстан, Маңгыстоо, Байкоңур жана Нур-Султан сыяктуу башка да туристтик аймактарда да өз ишин баштайт.