«KEGOC»: Биздин милдет – сапаттуу кызмат

«Кегок» компаниясынын кыркка жакын диспетчери казакстандыктар жаңы жыл түнү жарыксыз калбоосу үчүн нөөмөткө турат.

Электр желелерин башкаруу жөнүндөгү ата мекендик беш компания үчүн бул өзгөчө мезгил. Бештин айынын 31де казакстандыктар электр кубатын адаттагыдан үч эсе көп керектегендиктен тармактын иши күчөйт. Система үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн диспетчердик борбордун иши бир саатка да токтобойт.

ЕРАЛЫ ШЫНАСЫЛОВ, «КЕGОС» АК СИСТЕМАЛЫК ОПЕРАТОРДУН УЛУТТУК ДИСПЕТЧЕРДИК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Бул жерде диспетчер күнү-түнү отурат. Анын иши - башкалардын эс алуусун камсыздоо. Кандай абал болбосун, жетекчилик иште болсо же болбосо да, кызматкер чечим кабыл алууга тийиш. Башкача айтканда, жарык өчпөшү керек. Поезддердин, учактардын кыймылы, заводдордун иши токтобоого тийиш.

Бул жерди Казакстандын электр энергия системасынын жүрөгү десе да болот. Өлкөдө энергия өндүрө турган станциялар менен электр жеткирүү желелеринин иши бул тактада көрсөтүлүп турат. Көлөмү 12ден 4 метрлик санариптик тактадан өлкөдөгү электр станциялардын канча энергия өндүргөнү, кайсыл жерде апаат болгондугу көрүнүп турат. Бул иштин баары төрт диспетчерге жүктөлгөн.

ВЯЧЕСЛАВ КАРБАНЕВ, «КЕGОС» АК СИСТЕМАЛЫК ОПЕРАТОРДУН УЛУТТУК ДИСПЕТЧЕРДИК БОРБОРУ БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул абдан кыйын мезгил. Жаңы жыл күнү үйлөрдүн жарыгы өчпөөсү үчүн Кегок электр станцияларын жаңылоо иштерин жүргүздү. Ошондуктан, ал күнү диспетчерлердин жоопкерчилиги жогорулайт.

Суткасына 24 саат, аптасына 7 күн, жылына 365 күн. Өлкөдөгү негизги диспетчердик борбордон тышкары 9 аймактык бөлүм ушундай тартипте иш алып барат.  

Фото: informburo.kz