“Керек адам” долбоорунун катышуучулары акылуу такшалмадан өтүүдө

Казакстандык орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын техникалык адистиги боюнча акыркы курста билим алып жаткан студенттери өлкөдөгү ири ишканаларда такшалмадан өтүүдө.

«Керек адам» коомдук-билим берүү долбоорунун алкагында 10 студент Актөбөдөгү рельс-устундук заводунда тажрыйба топтоп жатат.

Алардын бири Караганды мамлекеттик индустриалдык университетинин студенти Мадина Камбар. Анын айтымында, бул демилге жаш адистердин эмгек жолун баштоосу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

МАДИНА КАМБАР, КООМДУК-БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУНУН КАТЫШУУЧУСУ:

- Эң башкысы өз кесибиң боюнча эмгек кылуу. Окуу жайдан алган билимимди тажрыйба менен айкалыштырып, ишке ашырууга сонун мүмкүнчүлүк. Бизге айлык акы менен бирге стипендия да төлөнөрү кубандырат.

«Керек адам» коомдук билим берүү долбоору Казакстандын өнүгүү банкы менен «Тайбурыл» коомдук биримдиги уюштурган демилге. Анын максаты – жаштардын арасында техникалык кесипти даңазалап, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн кесипкөй билимин жогорулатуу.

ЗАМИРА НИШАНОВА, КӨБ АДАМ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Биздин банк ири индустриалдык долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилей кетүү керек. Ошондуктан өлкөбүздүн инженердик-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу банктын бул тармакка кошкон салымы. Ошондой эле, каржы институтунун коомдук жоопкерчилигинин алкагында маанилүү кадамдарынын бири.

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында ядролук физика, космос техникасы менен технологиясы, өндүрүштү автоматташтыруу, ошондой эле, мунай тармагында билим алган 14 жаш адис өлкөдөгү алдыңкы ишканаларда такшалмадан өтүүгө жетишти. Ал эми, Актөбө рельс-устундук заводуна келген студенттердин арасындагы мыктылары программа марасына жеткен кезде ушул жерде туруктуу жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Фото: zakon.kz