Н. Назарбаев учак кырсыгынан көз жумгандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты

Эл Башы Нурсултан Назарбаев жүргүнчүлөр учагынын кырсыкка кабылганына байланыштуу көңүл айтты.

“Каза тапкандар менен жапа чеккендер жөнүндө кабарды абдан оор кайгы менен кабыл алдым. Азасын тең бөлүшүп, каза болгондордун туугандары менен жакындарына көңүл айтам.

Бардык жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн тилейм”,- деп айтылат телеграммада.  

Фото: Хабар 24