«Алматы - Нур-Султан» багытындагы учак кырсыкка кабылды

«Алматы - Нур-Султан» багытындагы учак кырсыкка учурады.

Расмий маалыматка ылайык, жума күнү таңкы саат 7.22де «Бек эйр» компаниясына таандык аба транспорту асманга көтөрүлгөндөн кийин радардан көрүнбөй калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, учак бортунда 93 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Маалымат каражаттары кырсыктан 14 адамдын каза болгондугун жазууда.