Президенттик жаштар кадр резерви түзүлдү

Президенттик жаштар кадр резерви түзүлдү. Тандоодон өткөн жаштардын көбү жеке жана мамлекеттик тармакта иш алып барат. Токсон сегизи бюджеттик мекеме кызматкери. Билими – жогору. 57 пайызы чет өлкөлүк окуу жайларды аяктаган. Резервге өлкөнүн бардык аймагынан жаштар кирди. 2020-жылдын биринчи кварталында ар бирине тиешелүү план даярдалат. 6 этапты камтыган тандоо жыйынтыгы Президенттик кадр резервинин сайтында жарыяланган.

МАУЛЕН АШИМБАЕВ, РК ПРЕЗИДЕНТ АКИМЧИЛИГИНИН БАШЧЫСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Президенттин тапшырмасына ылайык, бир нече ай бою ушул багытта масштабдуу жумуштар аткарылды. Азыркы тапта тандоо аяктады. Улуттук комиссия өз отурумунда эксперттик комиссия сунуштаган талапкерлерди караштырып, 300 жаш кесипкөй адисти тандап алды. Алар алдыдагы жылдарда мамлекеттик башкаруу системасындагы жооптуу кызматтарга дайындалат деп мерчемделүүдө.

Фото: inform.kz