Илимий долбоорлорду коммерциялаштыруу

Илим менен бизнестин натыйжалуу интеграциясы - экономиканын инновациялык өнүгүшүнүн негизи. Бул Казакстанда да колго алынган. Буга байланыштуу өлкөдө жаңы долбоорлор колдоо таап келет. Учурда 450дөн ашык ата мекендик ойлоп табуучулар илимге негизделген бизнести ийгиликтүү ишке ашырууда. Алардын бардыгы Илим фондунун атайын грант ээлери. Фонд өкүлдөрүнүн айтымында, жыл сайын казакстандык окумуштуулардын мыкты демилгелерин коммерциялаштырууга 5 миллиард теңгеден ашык каржы жумшалат.

КУРМАНГАЗЫ ОМАРОВ, «ИЛИМ ФОНДУ» АК ДОЛБООРЛОО ДИРЕКЦИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бизде технологияларды иштеп чыгуу боюнча, ошондой эле, жаңы тамак өнүмдөрүн өндүрүү, агро өнөр-жай комплекси, биотехнология, металлургия, маалыматтык технологиялар тармагында көптөгөн долбоорлор бар. 1200дөн ашык түрдүү адис эмгектенет, анын жарымынан көбү бизнес өкүлдөрү менен келишим-шарт негизинде өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн киргизүүдөн автордук акысын алган илим өкүлдөрү.

Үч жыл ичинде өлкөдө 150дөн ашык долбоор колдоо таап, алардын 8 ийгиликтүү аяктаган. Айта кетсек, инновациялык ноу-хау республика боюнча гана эмес, ошондой эле, чет элдик рынокторго да жөнөтүлөт. Мындай экспорттук өнүм көлөмү 14 миллион теңгеге жакын.

МАРАТ ПЕРНЕКУЛОВ, «ИЛИМ ФОНДУ» АК БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- 2020-жылы бул сан көбөйүүгө тийиш деп ойлойм жана биз аны 5 миллиардга чейин жеткирүүнү пландап жатабыз. Эң алды менен экспорт бизде коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Орусия Федерациясына, Өзбекстанга, Кыргызстанга жиберилет. Мындан тышкары, биздин өнүм үчүн мүмкүн болгон сатуу рыногу Кытай экенин унутпоо керек.

Айта кетсек, илим фонду 2016-жылдан баштап илимий жана техникалык кызмат натыйжаларын гранттык каржылоо оператору катары иштеп келет. Анын негизги милдети - илимий долбоорлорду өндүрүштүк жолго коюп, кеңири жайылтуу.

Фото: science-fund.kz