Айлана-чөйрөнү коргоо чаралары күчөтүлөт

Жаңы экологиялык Кодекске өлкө жаратылышын коргоого багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Мыйзам долбоору Парламенттин кароосуна жиберилди. Документ 7 негизги тартиптен турат. Атап айтканда, жаратылышты коргоо иш-чараларын экологиялык төлөмдөр эсебинен 100 пайыз каржылоо көздөлгөн. Азыркы мыйзам боюнча бул көрсөткүч болгону 45 пайызды түзөт.

Ал эми алдыңкы жеткиликтүү технологияларды киргизген ишканалар эмиссия үчүн төлөмдөн бошотулат. Эгер система жаңыртылбаса төлөм өлчөмү көбөйөт. Курчаган чөйрөнү коргоого шыктандыруу менен катар тармакка инвестиция тартуунун мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу пландалган. Натыйжада 2025-жылга чейин калдыктардын көлөмүн 30 пайызга кыскартуу көздөлүүдө.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, РКНЫН ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАР МИНИСТРИ:

- Экологиялык Кодекстин долбоору - экологиялык жөнгө салуудагы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун тажрыйбасы эске алынып иштелип чыккан жаңы документ. Ошону менен катар, Кодексти иштеп чыгуу кезинде аны аймактарда коомчулук жана бизнес-бирикмелер менен кеңири талкуулоо жүргүзүлдү. Бул талкуулоо жүрүшүндө коомчулуктан 2 миңден ашык сунуш түштү. Анын айрымдары Кодекске киргизилди.

Фото: strategy2050.kz