Кышкы спорт түрлөрүнүн сүйүүчүлөрү Казакстанды тандашат

Кышкы эс алуунун экстремалдуу түрлөрүнө кызыккандар Казакстанды тандашат. Алматынын четиндеги Чымбулакка дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер келет. Жергиликтүү инфраструктура спорттун бардык түрү менен алектенүүгө ылайыктуу. Бул жерде лыжа жана муз тебүүдөн баштап, параплан менен учууга да мүмкүнчүлүк бар.

Кыш мезгилинде учуу убакыты 15 мүнөткө созулса, жайында тажрыйбалуу нускоочу менен жарым саат бою абада калкып, жердин кооздугун бийиктен көрүүгө болот.

ЕВГЕНИЙ ОРЕШКИН, «САМУРЫК» ЖАЙКЫ МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Чымбулакта Казакстандагы парапланеризм үчүн эң жогорку баштапкы чекит жайгашкан. Бийиктиги 3200 метр болсо, биз 1600 метрден отурабыз. Тактап айтканда, бул эң бийик жана эң узак учуу. Биз абдан бийик тоолордон учуп өтөбүз. Парапланеризм менен 30 жылдан бери алектенип келем. Учкуч болуу кыялым болчу. Бирок бир күнү парапланеризм – кең асманга жасалган кичине кадам экенин китептен окуп, ошондон бери параплан менен учуп келем.

Кышкы спорт түрлөрүнүн сүйүүчүлөрү көп тандай турган дагы бир объект - Медеудагы муз аянтчасы. Ал дүйнөдөгү эң чоң жасалма муз аянтчасы бар кышкы спорт түрлөрүнө арналган бийик тоолуу комплекс болуп саналат. Медеу деңиз деңгээлинен 1600 метрден ашык бийиктикте жайгашкан.

Айта кетсек, муз аянтчасы өз ишин баштагандан бери мында коньки тебүү спортунан 200дөн ашык дүйнөлүк рекорд коюлган.

Фото: informburo.kz