Диндер ортосундагы диалог – тынчтыкты түзүү жолу

Диндер аралык диалог – бул тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого алып бара турган жол. Венгрия теологу Сабольч Наджпаль ааламдашуу жараяндары менен ага байланыштуу чакырыктар тушунда диндер аралык диалог - эл аралык коомчулукта ишенимди сактап калуунун эң ишеничтүү жолдорунун бири деп эсептейт.

Белгилей кетсек, бул багытта Казакстанда 16 жылдан бери дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съезди өтүп келет. Бул глобалдык даражада натыйжалуу аянтча болуп саналат. Ал өз ара түшүнүшүүгө жол ачып, дүйнө өлкөлөрүнүн диний ишмерлерине өзөктүү маселелерди биргелешип чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

CАБОЛЬЧ НАДЖПАЛЬ, ТЕОЛОГ / ВЕНГРИЯ:

- Ааламдашуу жараянын башкаруу - биздин жоопкерчилик. Бул иретте дин өкүлдөрүнө артылган жүк оор экени белгилүү. Алар өз ара акылдашып отуруп, дүйнөнүн эң өзөктүү маселелеринин түйүнүн чечүүгө жардам бере алат. Мындай жолугушуулар бири-бирин колдоого, жардам колун сунууга, шыктандырууга өбөлгө болот. Мен диндер арасындагы диалог чындыгында дем берет деп эсептейм. Учурдагы ааламдашуу жараянында жалпы адамзаттык баалуулуктар кайрадан бааланып жаткан кезде диндердин аткара турган ролу өзгөчө маанилүү болуп саналат.

Фото: kst-eparhiya.kz