«Хабар» Агенттиги «Жыл тандоосу» сыйлыгынын ээси болду

«Хабар» жылдын тандоо сынагында мыкты деп табылды. Агенттик «Ата мекендик телевидениени өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» номинациясынын лауреаты аталды. Жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземи Алматыда өттү.

Бүгүнкү күндө «Хабар» агенттиги – төрт каналдан турат. Анын бирөө беш тилде обого чыгат. Канал иштеп баштагандан бери эфирден миңдеген сюжет, жүздөгөн программа жана телесериал көрсөтүлдү. Жаңы долбоорлор аз убакыттын ичинде өз көрүүчүлөрүн таап, эл сүймөнчүгүнө арзыгандар адамдарды таң калтырып, жардам берүүнү улантууда. Агенттиктин келе жаткан 2020-жыл үчүн да пландары чоң.

КЫМБАТ ХАНГЕЛДИНА, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ» АК АЛМАТЫ БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Биз үчүн элдин ыкласы менен коомдун пикири маанилүү. Ошол аркылуу биз шыктанып, жаңы демилгелерди колго алабыз. Алдыдагы убакытта оюн-зоок программалары жана документалдык фильмдердин, сериалдардын саны көбөйөт. Ошентип, биз көрүүчүнүн жаңы муунун тартууга аракеттенебиз.