2025-жылга карата илимди каржылоо 10 эсеге артат

Казакстанда 2025-жылга карата илимди каржылоо 10 эсеге артат. Өкмөт отурумунда тармактык мекеме башчысы Асхат Аймагамбетов атап өткөндөй, эгер быйылкы жылы бул максатка 43 миллиард теңге бөлүнсө, 2025-жылы 431 миллиард теңге бөлүнөт. Ошону менен катар, Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, жаш окумуштууларды колдоо үчүн жыл сайын 3 миллиард теңгеден ашык каржы бөлүнөт. Илимдин дараметин жогорулатуу өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.

АСХАТ АЙМАГАМБЕТОВ, РК БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ:

- Мунун алдында грант сынактары 3 жылда 1 ирет өткөрүлсө, келерки жылдан баштап бул сынактар жыл сайын өткөрүлүп турат. Мунун бардыгы окумуштуулар үчүн, жалпы ата мекендик илим үчүн чоң колдоо жана жакшы жаңылык. Илимий институттардын материалдык техникалык базасын бекемдөө үчүн башка бюджеттик программа ачылды. Бул ишти биз азыркы учурда баштадык. Илимий инфраструктураны жаңыртуу жана санариптештирүү боюнча окумуштуулардын санариптик жөндөмүн өнүктүрүү программалары ишке ашырылат.  

Ошону менен катар, максатты каржылоо программасы боюнча колдоо илимий-техникалык керектөө алкагында гана ишке ашырылат. Бул так натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Программа алкагында билим берүүнү каржылоо көлөмү 6 эсеге, ал эми илимди каржылоо 7 эсеге өстү.

Фото: primeminister.kz