Чет өлкөдөгү казак жаштарын колдоо

Чет өлкөдө жашаган этникалык казактардын балдарына ата мекенинде билим берүү жараяны алдыдагы жылы да уланат. Быйыл этникалык казак жаштарынын магистратура менен докторантурага өтүшүнө мүмкүнчүлүк берген «Стипендиялык программа» даярдалып, алгачкы 125 грант бөлүндү.

Бул – Дүйнөлүк казактар коомчулугу менен «Отандастар» фондунун биргелешкен демилгеси. Келечекте грант санын көбөйтүү көздөлүүдө. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мамлекеттин колдоосу менен Казакстандын жогорку окуу жайларында 1500 студент, колледждерде 700дөй жаш билип алып жатат. Андан башка, 1238 казакстандык даярдык курстарында билим алууда.

КУРАЛАЙ БОЛАТБЕК, Л.Н. ГУМИЛЁВ АТЫНДАГЫ ЕУУ СТУДЕНТИ:

- Чоң атам менин тарыхый мекенимде билим алышымды кыялданган. Ал  бизге биздин ата мекенибиз – Казакстан деп ар дайым айтчу. Өз мекениңде билим алып, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эмгектенүү керек деген. Кичинекей кезимден дал ушул сөздөргө сугарылып өстүм. Бул нерсе иш жүзүнө ашканына кубанычтамын.

НУРЫМЖАН ЖУМАГАЗИЕВ, «ОТАНДАСТАР» ФОНДУНУН ӨКҮЛҮ:

- Биз кийинки жылга даярдык бөлүмүнүн гранттарынын санын 1500гө көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Даярдык бөлүмүнөн кийин бакалаврга окууга өтүү үчүн бизде 4 пайыздык жеңилдик бар. Бул мекендештерибизге берилген эң сонун мүмкүнчүлүк.