Ыктыярчылар уюму ишин санариптик системага өткөрдү

Казакстанда 200дөн ашуун ыктыярчылык уюм бар. Алардын курамында 50 миңден ашуун жигердүү жаштар иштейт. Ал эми алардын 30 миңи “Улуттук ыктыярчылык желесинде” расмий катталган.

Ыктыярчылардын жумушу ар тармакты камтыйт. Мисалы, Чыгыш Казакстандагы жаштар коомдук багыттагы жумуштарды эффективдүү аткаруу максатында атайын тиркемени ишке кошкон.

Азыр ал сыноодон өткөрүлүп жатат. Интернет-маалымдамалар аркылуу жергиликтүү ыктыярчылар күнүмдүк иштерин айкалыштырып, мерчемдей алышат.

ШОЛПАН БАУЫРЖАН КЫЗЫ, ЫКТЫЯРЧЫ:

- Менин оюмча, ыктыярчылардын болушу абдан маанилүү. Себеби, азыр коомдо муктаж үй-бүлөлөрдүн саны аз эмес. Ошондуктан ушундай үй-бүлөлөрдү таап, жардам берүү маңыздуу. Азыр ар бир жарандын коомдук жоопкерчилиги болушу зарыл. Биз окуп, билим алып жатабыз. Ошондуктан айланабызда биздин курчап тургандарга жардам беришибиз керек.

ПЁТР СУХАНОВ, ЫКТЫЯРЧЫ:

- Мен ыктыярчылардын катарына жакында эле кошулдум. Бул жумуш менин жан дүйнөмө жакын. Анткени мен адамдарга жардам бергенди жакшы көрөм. Мен акыл-ой жана физикалык жактан өнүгүп келе жатам.

Фото: inbusiness.kz