Ринат Думан уулу Кертаев «Курмет» орденинин ээси болду

Казакстан Республикасынын башчысы Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен «Хабар» Агенттигинин Төрагасынын биринчи орун басары Ринат Думан уулу Кертаев «Курмет» орденинин ээси болду.

Жогорку мамлекеттик сыйлыкты ээсине маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев салтанаттуу түрдө тапшырды. Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинде өткөн саамалыкта маалымат тармагынын бир нече кызматкерлери алкыш каттарын алышты.

РИНАТ КЕРТАЕВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ" АК ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Бул бир гана мага эмес, журналистика факультетинде тарбиялап, билим берген мугалимдеримдин эмгегине, «Хабар» агенттигинин бардык жамаатына берилген баа, чоң ишеним, - деп ойлойм. Эмгегибизди баалап, эске алган мамлекет башчысына, маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин жетекчилерине, жалпы жамаатына ыраазычылыгымды билдиргим келет.