Көз карандысыздык күнүнө карата КЭА мүчөлөрү сыйланды

Казакстан Элдер Ассамблеясынын коомдук жана мамлекеттик сыйлыктары өз ээлерин тапты.

Адаттагыдай Көз карандысыздык күнүнүн алдында өлкөнүн бир катар жараны өзгөчө урматка татыды. Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, улут аралык келишимди бекемдөөгө кошкон жигердүү салымы жана кызматы үчүн Ассамблея мүчөлөрү, этно маданий бирикмелердин, чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрү сыйланды.

Эмгеги сиңгендерге «Құрмет» ордени, «Ерен еңбегі үшін», «Бірлік» алтын медалдары, «Жомарт жан» жана «Мейірім» төш белгилери тапшырылды.

ОМАРХАН ӨКСИКБАЕВ, РК ПАРЛАМЕНТИ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Эмгек бааланып жатса кубануу керек. Ушундай болуш керек деп ойлойм. Ошону менен катар, бул сыйлык урмат, жаңы иштерге дем болот деп билем. Биримдиги бар өлкөнүн жашоосу бар дейт. Биздин биримдигибиз мамлекет көз карандысыздыгынын негизи болоруна ишенем.

Фото: inform.kz