Нур-Султанда дипломатиялык фото көргөзмө ачылды

Казакстан бүткүл дүйнөнү тынчтык аалам курууга чакырып, достуктун касиетин жогору баалган өлкө. Нур-Султанда муну тастыктаган «Элдештирүү элчиден» аттуу дипломатиялык фото көргөзмө ачылды. Улуттук музейден орун алган таанып-билүүчүлүк экспозиция Казакстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун жардамдаштык ассоциациясынын алакасы алкагында уюштурулган.

Ал жерде Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Морокко Королдугу, Кувейт, Индия, Корея, Беларусь өлкөлөрү менен Казакстандын ортосундагы сүйлөшүүлөр учурунда тартылган фото сүрөттөр коюлган.

Ар бир мамлекеттин тышкы карым-катнашына элчинин таасири өзгөчө. Бул жерде сунушталган  маалыматтардын артында тарыхый бүтүндүк жатат, саясат бар, маданий гармонияны көрүүгө болот. Көргөзмө бир ай бою ачык болот.

НАЗЕРЕК ЖАКСЫЛЫКОВА, КР УМ ЭКСУРСОВОД:

- Казакстан дүйнөлүк деңгээлде, жалпы эл аралык аренада туруктуулук менен толерантуулуктун символу катары саналат. Ошондой эле, эң башкы ийгиликтердин бири – бул, албетте ярдролук куралдан баш тартуу багытындагы лидерлик. Жалпы элге  көргөзмө абдан кызыктуу болот. Анткени келүүчүлөр мамлекеттердин арасындагы достук карым-катнашты көрө алат жана Эл башыга тапшырылган ишеним каттары, ардак грамоталар да ушул көргөзмөгө коюлган.

Фото: old.elorda.info