Бештин айынын 10 - борбордун көчүрүлгөн күнү

Бештин айынын 10  - Казакстан үчүн тарыхый күн. Мындан туура 22 жыл мурун дал ушул күнү Эл Башынын Жарлыгы менен өлкө борбору Алматыдан Акмолого көчүрүлгөн. Андан кийинки жылдары шаарда масштабдуу курулуштар жүрүп, Евразиянын жүрөгүндө кооз шаар пайда болду.

Жаңы борбордун долбоорун түзүүгө жана курулуш иштерине Кисё Курокава, Норман Фостер, Манфреди Николетти сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги архитекторлор тартылды. Башкы борбор бул убакытка чейин жер-шаарына эл аралык сүйлөшүүлөр аянты катары таанылууга жетишти. Ал олуттуу кеңештер менен ири делген ишкердик жолугушуулардын, тарыхый чечимдердин ордосу, тынчтык дүйнө куруунун моделин үлгү туткан куттуу мекен болуп саналат.

ЮНЕСКО уюмунун чечими менен Казакстан борборуна «Тынчтык шаары» деген наам берилген. Баш калаанын өнүгүү мезгилин шаардык архивдик документтерден табууга болот.

ГАЗИЗА ИСАХАН, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК АРХИВИНИН ИЛИМИЙ БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Шаардык архивде негизинен 700гө жакын фонд, 300-400 миңге жакын документ сакталган. Жылына жарандардан 10 миң буйрутма келип түшөт. Бизде азыркы убакытта санариптик форматка өтүү иши жакшы жүрүп жатат. Жалпы бул шаардын гана эмес, мамлекеттин, улуттун тарыхы.

Фото: old.elorda.info