Казак тили улут аралык тилге айланууда

Казак тили улут аралык тилге айланууда

Бүгүнкү күндө эне тилдин мамлекеттик тил катарындагы ролу күчөөдө. Башка улут өкүлдөрүнүн арасында казак тилин мыкты өздөштүргөндөр да бар. Борбордо Казакстан Элдер Ассамблеясы республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Улуу Талаанын улут аралык тили» аттуу форум уюштурду.

Өлкө борборунда алгачкы жолу өткөрүлгөн иш-чарага республиканын региондорунан 100дөн ашык улут өкүлдөрү келди. Катышуучулар форумдун жүрүшүндө казак тилин үйрөнүүдөгү өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

ИОНГ МИН ЧУ, КАЗАКСТАНДАГЫ КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ ЭЛЧИЛИГИНИН КЫЗМАТКЕРИ / КОРЕЯ:

- Азыр Кореяда Борбордук Азияга көп кызыгуучулук артылууда. Бирок бул Казакстанды, Борбордук Азияны тааныштырууда өтө эле аз. Бул кырдаалды эске алып мен адис болоюн деп чечтим. Казак тилин латын арибине өткөрүп жатпайбы. Андай болсо, казак тилинин имиджи жана деңгээли башкача болот деп ойлойм. Ошондой эле, чет элдиктер үчүн да окууга жеңил болот.

РУСАЛИНА ПРЯХИНА, М.Х. ДУЛАТИ АТЫНДАГЫ ТАРАЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ:

- Мисалы, менин улутум орус болсо да, жөнөкөй орус мектебинде окусам да, казак тилин бир гана казак тил сабагынын мугалиминен үйрөнгөм. Ал мага айтып турчу: «Русалина, сен казак тилин үйрөнүшүң керек, сен Казакстанда жашайсың да» деп.  Апам мага күн сайын «улутуң орус болсо да, көчөдө жүрсөң башка адамдарды кантип түшүнөсүң, эгер казак тилин билбесең? Англис тилин билесиң, казак тилин билбесең уят болот» деди. Ошол сөзүнөн кийин бардыгы башталды.

Форум алкагында этно маданий биримдиктеринин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон активисттери РКнын Президентинин атынан «Алкыш баракчасы» менен сыйланды.

Фото: almaty.tv