Алматыда улуттук аңчылык боюнча мелдеш өттү

 

Алматы шаарында жырткыч куштар менен аң уулоо боюнча турнир өттү. Мында өз чеберчилигин көрсөтүүгө Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Монголиядан келген бүркүтчүлөр, кырандар, шумкарлар менен чебер аңчылар чогулган. Турнирдин тажрыйбалуу калыстары эптүүлүгүнө, олжону кармоо чеберчилигине, куштардын учуу бийиктигине баа берди.

БАГДАТ МУПТЕКЕК КЫЗЫ, МЕЛДЕШТИН БАШКЫ КАЛЫСЫ:

- Куштар мыкты үйрөтүлүптүр. Бардык көнүгүүлөрдө алар жогорку упайларды алышат.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара улуттук каада-салттын жана үрп-адаттардын руханий жактан кайра жаралуусуна гана көмөктөшпөстөн, республикага туристтердин келишин көбөйтүүгө да өбөлгө түзөт.

Фото: tengrinews.kz