Казакстан адам өнүктүрүү индекси боюнча ТОП-50гө кирди

Казакстан адам өнүктүрүү боюнча мыкты 50 өлкөнүн катарына кирди. Өлкө бир катар көрсөткүч боюнча бир нече тепкичке жогорулап, Норвегия, Германия жана Швеция сыяктуу өнүккөн мамлекеттер менен бир тизмеге жайгашты.

Бул тууралуу БУУнун өнүктүрүү программасы боюнча быйылкы докладында айтылды. БУУнун адам өнүктүрүү уюмунун Казакстандагы туруктуу өкүлү Якуп Бериштин айтымында, бул тизмени түзүүдө жашоонун узактыгы, окутуу мөөнөтү, ар бир тургунга ИДӨнүн өлчөмү эске алынды.

Ошондой эле, социалдык коргоонун маалыматтары, коомдун маданий өнүгүшү, саламаттыкты сактоо, гендердик теңчилик саясаты, айлана-чөйрөнү коргоо, жарандардын чечим кабыл алуусу сыяктуу маанилүү көрсөткүчтөр көңүлгө алынган.

Айта кетсек, дүйнө өлкөлөрүнүн өнүгүү деңгээлин аныктаган рейтинг 1990-жылдан бери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

ЯКУП БЕРИШ, БУУНУН КАЗАКСТАНДАГЫ АТАЙЫН ӨКҮЛҮ:

- Казакстан адам өнүктүрүү индекси боюнча 189 өлкөнүн ичинен 50-орунду ээледи. 2018-2019-жылдары көрсөткүч бир нече эсеге өсүп 15,5 пайызды түзгөн. Бул чындыгында жетишкендик. 1990-2018-жылдар аралыгында жашоо узактыгы 50 жылга өскөн. Бул деген бүгүн төрөлгөн адам 1990-жылы дүйнөгө келген адамдарга караганда 6,5 жылга узагыраак жашайт дегенди түшүндүрөт. Ал эми билим алуунун орточо  мөөнөтү окуу жайга келген убакыттан баштап 2,5 жылга чейин жогорулады. Бул абдан жакшы көрсөткүч.

Фото: kursiv.kz