Kazakh TV туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты медиа-ресурс аталды

Kazakh TV телеканалы туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты медиа-ресурс аталды. Бул «National Tourism Awards-2019» улуттук сынагынын атайын сыйлыгы. Жалпы сынак алкагында тармактын мыктылары бир нече аталыш боюнча аныкталат.

Өзгөчө сыйлыкка ээ болгондордун катарында «Хабар-24» каналынын «Дархан дала» теле долбоору да бар. Сынакка ата мекендик туризм индустриясынан 114 өтүнүч келип түшкөн. Алгач жеңүүчүлөрдү атайын түзүлгөн талдоочулук кеңеш иргеп алган. Кийин казакстандыктар онлайн добуш берүү аркылуу тандоо жасаган.

Топ жаргандардын арасынан табылган  «Kazakh TV» улуттук теле каналы дүйнөнүн 118 өлкөсүнүн аймагында кабар жеткирет. Бир учурда беш тилде чыккан теле өнүмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү ата мекендик туримзди жайылтууга багытталган.

МАЯ БЕКБАЕВА, KAZAKH TV ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Биздин телеканал туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты медиа ресурс деп аталганына абдан кубанычтабыз. Чындыгында, канал бул багытта көптөгөн иштерди аткарып келет. Казакстан менен Борбордук Азия аймагын болушунча тааныта турган теле өнүмдөр жасалат. Бул албетте, биздин табияттын кооз көрүнүштөрү, өзөн-көлдөрү, өлкөнүн өткөнү менен бүгүнкү турмуш тиричилиги. Казак ТВ каналы менен бирге болуңуздар. Жаңы сезон, жаңы жылда Казакстан менен аны курчаган айлана-чөйрөсү жөнүндө баяндаган жаңы долбоолорду көрө аласыздар.

Фото: inform.kz