Борбордо #KIDS4RIGHTS сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Казакстанда балдар укугу боюнча БУУнун Конвенциясынын 30 жылдыгы белгиленди. Глобалдык өнөктүк алкагында борбордо #KIDS4RIGHTS балдар сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Чыгармачылык мелдеш Казакстандагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгү ЮНИСЕФ уюму, ошондой эле, Бельгия жана Швейцария элчиликтери менен биргеликте уюштурулду.

Сынактын максаты – концепцияны түшүнө билген балдардын мыкты эмгектерин баалоо. Казакстандын булуң-бурчунан 200дөн ашык эмгек келип түшкөн. Экспозицияга финалисттердин 30 эмгеги коюлду.

Эске сала кетсек, Казакстанда Конвенция 25 жыл мурун ратификацияланган. Ал эми быйыл республика Балдардын укуктарын сактоо жөнүндөгү глобалдык милдеттемени колдоду.

СВЕН-ОЛОВ КАРЛССОН, ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Биз балдар укуктары тууралуу Конвенциянын маанилүүлүгүн эске алышыбыз керек. Ошондуктан бул сынакты уюштурууну чечтик. Мында сиз катышуучулардын сүрөттөрүнүн көркөмдүк сапатын гана эмес, ошондой эле, бул балдардын кандай укуктары бар экенин жакындан биле аласыз. Менин оюмча, бул таң калтыра турган нерсе.

ГҮЛМИРА ИЗИМБЕРГЕНОВА, ЖЕҢҮҮЧҮНҮН АПАСЫ:

- Менин уулумдун аты Ермухаммед Хасым. Ал күн сайын башка балдар менен бирге кандай ойной турганын көрсөтөт. Мында сиз шаарды, анын бара турган мектебин көрө аласыз. Ошондой эле, анын мүмкүнчүлүгү чектелген досторун да байкоого болот. Биздин оюбузча, бардык балдар, ал тургай ушундай көз караштан болсо да өз сезимдерин, өз укуктарын билдире алуусу керек. Бул балдардын өздөрүн коргоого көмөктөшөт.

Фото: eeas.europa.eu