Нур-Султанда лабораториялык сынак борбору ачылды

 

Борбор калаада жыл сайын жети миңден ашуун илимий изилдөөлөр, ошондой эле, дарылык жана медициналык каражаттарды баалоо жүргүзүлөт. Нур-Султан шаарында лабораториялык сынак борбору тааныштырылды.

Комплекс дүйнөлүк стандарттар боюнча курулган. Анын иши менен республиканын саламаттыкты сактоо министри жана эл аралык серепчилер таанышты. Соңку заманбап жабдыктар менен жабдылган аталган лаборатория ата мекендик жана чет өлкөлүк дары-дармектердин натыйжалуулугу, коопсуздугу менен сапатына микробиологиялык, физика-химиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Айта кетсек, бул өлкөдөгү дал ушундай форматтагы жетинчи лаборатория.

ЕЛЖАН БИРТАНОВ, РКНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ:

- Биздин милдетибиз бардык казакстандыктарга дары-дармектердин коопсуздугу бардык шарттарда камсыздала тургандыгын көрсөтүү. Анын ичинде каттоо, сертификаттоо, кийинки партияны алып келүү учурунда да. Ошондой эле, шек туудурган учурда да, кандайдыр бир терс таасирлердин бар экенин көрсөтүү үчүн бул лабораториялардын текшерүү иштерин пайдаланабыз. Буга чейин өлкөдө жалпы 6 лаборатория болсо, эми дагы бири ишке кошулду. Өзүңүздөр көрүп тургандай, ал бардык эл аралык стандарттарга ылайык келет. Биз азыр аккредитациядан өтүүнү пландап жатабыз. Ал үчүн биздин эл аралык кесиптештерибиз келди.

ЧИНАРА МАМБЕТАЛИЕВА, РКНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- Бул борбордук лаборатория болот деп ойлойбуз. Казакстан боюнча буга окшогон бир нече лаборатория бар. Борборлордун арасында тыгыз жана өз ара натыйжалуу кызматташтык болушун каалайбыз. Ошондой эле, жалпы дарылык заттар алмашуусун жөнгө салуунун ар түрдүү багыттары боюнча тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө үмүттөнөбүз.

Фото: inform.kz