Борбор Азияда төмөндөтүлгөн көмүртекти өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгууда

 

Борбор Азияда төмөндөтүлгөн  көмүртекти өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгууда. Долбоор Париж климат келишими алкагында Германия эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү коомчулугунун колдоосунда ишке ашырылууда. Документ өзүнө бир катар багыттарды: энергетика, өнөр жай, траснпорт,  айыл чарбасы жана башка тармактарды камтыйт.

Серепчилер бул даражалар боюнча буу газдарынын кыскаруу  мүмкүндүгүн изилдешет жана атмосферага СО2 чыгындыларын кантип натыйжалуу кыскартуу боюнча  талдоо жүргүзүшөт. Стратегия алгач Казакстанда иштелип чыгып, кийин бул тажрыйбаны чөлкөмдүн башка республикаларына жайылтуу көздөлүүдө.

Буга эл аралык жашыл технологиялар борбору менен Казакстандын айлана-чөйрөнү коргоо уюмдарынын бирикмеси колдоо көрсөтөт.

ЙОХАННЕС ШУМАНН, «КАЗАКСТАНДА ЖАНА БА ТӨМӨНДӨТҮЛГӨН  КӨМҮРТЕКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКАНЫ КОЛДОО» ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ

- Бул бир гана Казакстан үчүн эле эмес, Борбор Азия үчүн да маанилүү. Биздин долбоордун негизги милдети кийинки жылдын аягына чейин Казакстандын төмөн көмүртекти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга көмөктөшүү. Ал өзүнө буу газдарынын чыгарылышын төмөндөтүү боюнча Казакстандын максаттарын гана эмес, экологиялык жана социалдык максаттарды, инструменттерди имплементациялоо жана инвестициялар мерчемин камтыйт.

Фото: vlast.kz