Нур-Султанда Абиш Кекилбаевдин 80 жылдыгы белгиленүүдө

 

Нур-Султан шаарында Казакстан Эл жазуучусу Абиш Кекилбаевдин 80 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү. Жыйынга катышуучулар калемгердин чыгармачылыгынын заманбап казак адабиятынын өнүгүшүнө, улуттук идеологияга кошкон салымы ат көтөргүс экенин белгилеп өтүштү.

Сөз чеберинин артында мол мурас калды. Роман, повесть жана аңгемелердин автору Шекспир, Чехов, Толстой сыяктуу классиктердин чыгармаларын казак тилине которгон. Ал эми, калемгердин өз чыгармалары бүгүнкү күндө дүйнөнүн 13 тилине которулган.

Жазуучу, публицист, саясатчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абиш Кекилбаевдин мааракесине арналган саамалыктар жылдын аягына чейин Казакстандын бардык аймактарында өтөт.

КЫРЫМБЕК КӨШЕРБАЕВ, КР МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ:

-Кино жана театр өнөрүндө өчпөс из калтырып, казак драматургиясынын өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошту. Ал казак адабиятын өнүктүрүүгө өз үлүшүн кошуп, кийинки муунга абдан баалуу белек калтырды. Анын аты бүткүл дүйнөгө белгилүү. Албетте, ал эл арасында маанилүү инсан.

САУЫТБЕК АБДРАХМАНОВ, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

-Абиш Кекилбаев – уникалдуу инсан, феномен. Жазуучунун мааракесинин алдында элибиз ушундай сый-урмат көрсөтүп жатат. Калкыбыз ар дайым улуу инсандарды урматтап, сыймыктанып келет.

Фото: inform.kz