Казакстандын cот серепчилери Лондондо окуудан өттү

Казакстандын 28 сот серепчиси «Болашак» программасы алкагында Лондондун Королдук колледжинде атайын окуудан өттү. Анын жүрүшүндө ата мекендик адистер сот талдоочулук лабораториясынын иши менен таанышты.

Ошондой эле, Улуу Британиянын Лорддор Палатасынын илим жана технология боюнча Комитети отурумунун кезектеги эсептик сессиясына катышып, The Old Bailey системасында карала турган сот иштери процессин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Буга кошумча молекулярдык-генетикалык, химиялык, токсикологиялык изилдөөлөр боюнча дарстар менен тажрыйбалык сабактарга катышышты.

ДАУРЕН ГАБДУЛЬМУЛИНОВ, АКТӨБЕ АЙМАК АРАЛЫК СОТ ТАЛДООЧУЛУК БОРБОРУ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ

-Албетте, бул биздин серепчилер үчүн пайдалуу тажрыйба болду. Анын жүрүшүндө жергиликтүү адистер келечекте Казакстанда киргизиле турган жаңы ыкмалар менен таанышып, мол тажрыйба жыйнады. Ошондой эле, Улуу Британиянын сот талдоочулук системасын изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Адилеттүү дүйнө курууда көпчүлүккө үлгү болгон Бириккен Королдуктун сот системасы тажрыйбасын изилдөө мүмкүнчүлүгүнүн пайда болгону өлкө үчүн абдан маанилүү. Учурда Казакстандын сот системасы реформаланып жатат. Саламаттыкты сактоо менен юстиция министрликтеринин талдоочулук иштери бир тутумда жүргүзүлөт. Жалпысынан алганда, тармак атаандаштык чөйрөгө өткөн.

ДЖЕЙМС ГУЧ, KING’S COLLEGE LONDON УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

-Бириккен Королдуктун сот медициналык талдоочулугу өзгөрүүгө учурап, кайра жаңыртылды. Бир катар артыкчылыктар бар, келечекте бизди чечимдер күтүп жатканын унутпашыбыз керек. Башка өлкөлөрдүн студенттери Улуу Британия сотунун аягына чыга элек учурларын эске алуу менен атаандаштык чөйрөгө соттук медициналык экспертиза чыгарууга катышат деп үмүттөнөм.

Ошондой эле, программанын алкагында казакстандык устаттар Түштүк Корея лабораториялары менен таанышты.

Фото: tengrinews.kz