Нур-Султанда мыкты киносценаристтер сыйланды

Нур-Султанда мыкты жаш сценаристтер сыйланды. Таланттуу кинематографисттер сынакта «оюн кино», «анимациялык тасма», «кыска метраждуу тасма» жана «мобилдүү тиркемеге арналган киносценарий» наамдары боюнча өз эмгектерин сунуштады.

Чыгармачылык сынактын максаты-сценаристтердин креативдүү идеяларын колдоо эле эмес, ата мекендик кино өнүмдү дүйнөлүк рынокко  жайылтууга өбөлгө түзүү.

Уюштуруучулардын айтуусунда, сынак алкагында өтүнүчтөрдүн саны рекорддук чекке жеткен.

АЙМАН МУСАХАДЖАЕВА, КАЗНУИ РЕКТОРУ:

-300дөн ашык киносценарий сунушталды. Ошондой эле биздин кино жана телевидение факультетинин бардык студенттери катышты. Алардын сценарийлери бидин өлкөдөгү кино өндүрүүчүлөр менен катар, Кытайдагы жана башка мамлекеттердеги студияларга берилет. Мен биздин студенттерибиз, биздин кинофакультетибиз дүйнөлүк мейкиндикте өнүгүп келе жаткандыгын, буга катар Канны менен Венециядагы дүйнөлүк фестивалдарга катышып келгендигин  айткым келет.

АЛИБИ МУКУШЕВ, СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ  

-Толук метраждуу сценарийден жеңдим. Бул фантастикалык тасма. Анда дүйнөнүн түрдүү кызыктуу эрежелери бар. Бул өзгөчө дүйнө. Менимче көрүүчүлөр киного өзгөчө кыял үчүн барат. Башка дүйнөгө ишенүү үчүн. Ал эми анда биздин дүйнөдө башкача көз карашта карала турган маселелер  көтөрүлөт. Мен бул идеяны өнүктүрүп, аны көрүүчүгө жеткиргим келет.

Айта кетсек, сынак Жаштар жылы жана «Бир алкак, бир жол» демилгеси алкагында өткөрүлдү.