Нур-Султанда «Назарбаев лидерлиги: Улуу талаанын өнүгүшү» аттуу китеп көпчүлүккө тааныштырылды

Бүткүл дүйнөгө таанылган көрөгөч саясатчы. Өлкө үмүтүн актаган, калктын ишенимин сактаган билимдүү башчы. Нур-Султанда «Назарбаев лидерлиги: Улуу талаанын өнүгүшү» аттуу китептин бетачары болду. Бул Казакстандын Туңгуч  Президенти, Эл башынын эгемендүү мамлекетти куруудагы даңгыр жолун, өлкөнү башкаруу менен лидерлик жагын терең талдап изилдеген илимий эмгек.

Автору Түркия өлкөсүнүн белгилүү публицисти проффесор Куршат Зорлу. Ал Нурсултан Назарбаевдин кызматын дүйнөлүк лидерлер менен салыштырып изилдөөгө аракет кылган. Эмгекте чет өлкөлүк окумуштуунун макалалары менен бирге, Эл башынын түрк дүйнөсүнүн кызматташтыгын бекемдөөдөгү ролу да кенен баяндалат.

Казак жана түрк тилдеринде жарык көргөн китеп бир гана Түркияда беш миң нускада басылып чыкты.

КУРШАД ЗОРЛУ, КИТЕПТИН  АВТОРУ, ПРОФЕССОР /ТҮРКИЯ/:

-Мисалы, китепте буга чейин гезиттерде жарыяланбаган маектер бар. Алардын бардыгы китепте камтылат. Түркия менен Орусиянын ортосундагы маселени чечүүгө Эл башы жигердүү катышкан. Анын баарын ушул китепке жаздым. Ал жердеги маселелер казакстандык басмада болгон эмес. Ошондой эле китепте маанилүү жолугушуулар кандай өттү, жыйынтыгы кандай болгону тууралуу да маалыматтар бар.

Фото: inform.kz