Нур-Султанда ири айланма жол ишке берилди

Борбордо өлкөнүн дараметин кеңейте турган ири долбоор ишке берилди. Түштүк-Батыш айланма жолу транзиттик транспортторго шаардын четин айланып өтүүгө мүмкүндүк берет. Айдоочулар эми мурдагыдай шаар ичинде тыгынга калып, убакыт коротпойт.

Жалпы узундугу 87 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү объект 7 миң автоунаага ылайыкташкан. Айланма жолдун транзиттик жеткирүүгө оң таасиринен сырткары, мында борбордун экологиясы да жакшырат. Объекттин курулушу толугу менен келерки жылдын жайында аяктайт. «Нурлы жол» алкагындагы долбоорго казакстандык жана кытайлык компаниялар тартылган.

АСКАР МАМИН, КРНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

-Айланма жолдун курулушу транспорт түйүндөрү менен көпүрөлөрү бар татаал инженердик долбоор болуп саналат. Ал баш калаанын транспорт инфраструктурасын өнүктүрүп, транспорт системасынын натыйжалуулугун арттырат. Учурда борбордон Борбордук-Түштүк, Борбордук-Чыгыш, Борбордук-Батыш багыттарына коопсуз жана сапаттуу авто транспорт жолдорунун долбоорлору ишке ашырылууда. Алар шаардан - түштүктөн түндүккө, батыштан чыгышка барууга жол ачат.

Фото: primeminister.kz