«Мекендештер. Келечекке кадам»: Этникалык казактардын жолугушуусу

Борбордо чет өлкөдөгү казак диаспорасынын тарыхы, мекени менен маданий-гуманитардык жана ишкердик кызматташтыгынын мындан ары өнүгүшү үчүн кадам таштоо максатында «Мекендештер. Келечекке кадам» аттуу эл аралык тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага 26 мамлекеттен 150 этникалык казак келген. Алардын көздөгөнү тилди, динди унутпоого шарт түзүү.

MURAT YERMISH, ШВЕЦИЯНЫН КАЗАК БИРИКМЕСИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Биз азыр абдан маанилүү маселелерди көтөрүп жатабыз. Эл Башыбыздын аркасында «Мекендештер фонду» түзүлүп, бизге азыр бул фонд абдан чоң жардам көрсөтүп жатат. Мунун аркасында бизде азыр онлайн тил курстары ачылган, ошондой эле, Шакарим университети менен байланыштабыз, жакында ал жакка тил курстарына жиберебиз. Кыскача айтканда баары керемет. Абдан кубанычтабыз.

Жыйында фонддун ишке ашырган долбоорлору, алардын натыйжалары, ошондой эле, 2020-жылга арналган иш пландары жөнүндө айтылды. РК маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Даурен Абаев чет элдеги казактардын паспорт алууда чогулган документтер санынын кыскара турганын билдирди.

ДАУРЕН АБАЕВ, РКНЫН МААЛЫМАТ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРИ:

- Биз адамдардын боордош макамын алуудагы өтүнүч берүүсүнөн баштап, аларга казакстандык паспорт бергенге чейин бардык процесстерин тандап, келерки иш-чараларды түздүк. Боордоштордун керектүү документтеринин жалпы саны 46дан 20га чейин кыскарат. Документтерди жол-жоболоштуруу боюнча бардык кызматтар бир гана жерден элге кызмат көрсөтүү борборунан бирдиктүү терезе боюнча кабыл алынат жана берилет.

Ошондой эле, мекеме башчысы документтерди жол-жоболоштуруу 6 айдан 3 айга кыскартылганын айтты. Аталган иштердин бардыгы 2020-жылдын үчүнчү кварталында күчүнө кирет. Айта кетсек, жазында «Мекендештер фонду» тегерек столдун жыйынтыктарын көрсөтүү максатында чоң курултай өткөрүүнү пландап жатат.

Фото: baq.kz