Түркия Казакстанга 10 миң китеп белекке берди

Түркия “Китеп – эң бекем көпүрө” аттуу долбоорунун алкагында Казакстанга 10 миң китеп белекке берди. Алардын беш миңи Нур-Султандагы улуттук китепканага тапшырылды. Долбоорду Түркиянын "ИЛЕСАМ" илимий жана адабий чыгармаларынын авторлорунун кесипкөй уюму ишке ашырат. Аталган уюм өкүлдөрүнүн айтымында, китептер тарых, адабият, психология, социология сыяктуу тармактарды камтыйт.

Ошондой эле, алардын катарында энциклопедиялар жана ар түрдүү сөздүктөр бар. Эскерте кетсек, Түркия уникалдуу долбоорду өткөн жылы демилгелеген. Ал кезде 15 миң китеп Азербайжанга белекке берилген.

Бул жылы Казакстандан башка дагы 10 миң китеп Кыргызстанга тапшырылат. Ал эми кийинки жылы бул акция Өзбекстан жана Балкан өлкөлөрүндө уланат.

МЕХМЕТ НУРИ ПАРМАКСЫЗ, «ИЛЕСАМ» УЮМУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Нур-Султанга берилген 5 миң китептен сырткары, дагы беш миң китеп Алматыдагы китепканаларга жана окуу мекемелерине берилет. Биз тарых, маданият жана технология тармагындагы түрк дүйнөсүнүн белгилүү ишкерлери менен окумуштуулары бири-бирин жакындан билип, чыгармалары менен таанышса дейбиз. Бул максатка жетүү үчүн маанилүү курал –китеп. Ал билим жана акылмандыктын булагы.

Фото: 2ГИС