Нур-Султанда Туңгуч Президент күнүнө арналган саамалыктар өтөт

«Назарбаев борбору» Туңгуч Президенттин күнүнө арналган 100дөн ашуун иш-чара өткөрөт. Анын алкагында көргөзмөлөр, китеп экспозициялары, чет өлкөлүк көргөзмөлөргө баруу, дарстар, ошондой эле мектеп окуучулары жана студенттер менен жолугушуулар уюштурулат.

Алардын максаты – казакстандыктарды жана чет өлкөлүк коомчулукту Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын мамлекеттүүлүгүн калыптандыруусундагы, реформалар менен дүйнөлүк тынчтык куруу жана алакалык демилгелерди алдыга жылдыруудагы тарыхый ролу менен тааныштыруу, ошондой эле өлкөнүн эл аралык макамын бекемдөө.

Буга катар Нур-Султанда кино жумалыгы өтөт, иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору: «Менин балалык чагымдын асаманы», «Лидердин жолу» киноэпопеясын жана башка картиналарды көрө алышат.

АМИРХАН РАКЫМЖАНОВ, КР ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

-Тасмалар жаш муунду тарбиялоодо чоң ролду ойнойт, бир гана балдар үчүн эмес, студенттер үчүн да маанилүү, ал карапайым элдин жашоосунда да өчпөс из калтырды. Тасмалар мекенчилдик максатта тартылган. Ар бир казакстандык бүгүнкү көз карандысыз Казакстандын түзүлүшүн билиши керек. Биз бул даражага кантип жеттик? Кандай жумуштар аткарылды? Биздин Эл башыбыздын жетекчилиги жана бүткүл казак элинин катышуусу менен аткарылган иштерди билиши зарыл.