Борбор калаада Туңгуч Президенти күнүнүн алдында конференция өттү

«Эл башы жана өлкө максаты: туруктуулук, жаратмандык, өз ара байланыш». Нур-Султанда Казакстандын Туңгуч Президентинин күнүнүн алдында мына ушул темада илимий-тажрыйбалык конференция өттү.

Өзөктүү иш-чарага Эл башы менен бирге көз карандысыздык жылдары бирге кызмат кылган өнөктөштөрү, коомдук ишкерлер, окумуштуулар, профессорлор жана борбор жаштары катышты.

Катышуучулар Эл башынын саясий жана мамлекеттик кызматы, чыгармачылык жолу тууралуу ой-пикирлерин айтып, эскерүүлөрү менен бөлүшүштү. Борбор акимчилиги уюштурган саамалык жаштардын ата мекенге болгон сүйүүсүн арттырууга багытталды.

ДАУЛЕТ КАРИБЕК, «ЖАС ОТАН» ЖАШТАР КАНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

-Биз Эл башынын көз карандысыз Казакстанды куруудагы анын башкы ролун, биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн калыптануусун, чек араны бөлүүсү, келе жаткан экологиялык кырсыктардын алдын алуусун, келечек программаларды кабыл алуу, өлкө борборун Алматыдан Акмолага көчүрүшү сыяктуу тарыхый өңүттөгү, башкаларга сабак боло турган нерселерди айтып, жаштардын арасында жайылтуу, түшүндүрүү максатын көздөйбүз. Башкача айтканда, көз карандысыздыктын дал ушундай деңгээлге жетүүсүндөгү Эл башынын негизги аракеттерин, аткарган эмгектерин даңазалоо.

Фото: inform.kz