Мамлекеттик кызматтардын 80 пайызы интернет аркылуу жеткиликтүү болот

Келерки жылдан баштап казакстандыктар үчүн мамлекеттик кызматтардын 90 пайызы онлайн түрүндө жеткиликтүү болот. Аларды электрондук өкмөттүн порталы аркылуу үзгүлтүксүз көрсөтүү - өлкө үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири.

Ушул жылдын 10 ай ичинде «eGov»  сайтына катталган колдонуучулардын саны 10 миллиондон ашып, 36,5 миллион кызмат көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, жаңы «eGov mobile» интернет мобилдик тиркемеси иштелип чыккан, анда жарандарга 31 кызмат жеткиликтүү. Жыл аягына чейин дагы 32 кызмат көрсөтүүнү ишке киргизүү пландалууда.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстанда санариптик сабаттуулук деңгээли 79 жарым пайызды түзгөн. Беш жүз миңден ашык жаран окуудан өттү.

АСКАР МАМИН, РКНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Жыл аягына чейин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 80% калк үчүн интернет аркылуу жеткиликтүү болот. Биздин алдыбызда бул көрсөткүчтү 90 пайызга жеткирүү милдети турат. "Санариптик Казакстан" программасына ылайык, Казакстан 2020-жылы БУУнун электрондук өкмөтүнүн өнүгүү индексинде 28 позицияны ээлөөгө тийиш. Учурда биз 39-орунда турабыз. Индикаторго жетишүү боюнча чараларды көрүү керек.

Фото: vlast.kz