Нур-Султанда рождестволук кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Нур-Султанда бештин айынын биринде экологияга негизделген Рождестволук жарманке өтөт. Казакстанда элчилердин жубайларынын биримдиги үчүн кайрымдуулук жарманкесин өткөрүү салтка айланган.

Ага катышуучулардын саны жыл сайын артып келет. 12-иш-чарада 53 мамлекет өз товарын сунуштайт. Быйылкы жылы уюуштуруучулар өзөктүү эко-тренддерди  эске алууга аракет кылышкан. Мисалы, жарманкеге катышуучуларга коомдук транспорт менен келип, желим баштыктарды пайдалануудан баш тартуу сунушталат.

Маанилүү бөлүгү болуп - лотерея саналат. Бардык түшкөн каражатты уюштуруучулар кайрымдулуукка жумшайт.

ЛУЦИА ШЕБЕСТА ШМИД, КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИЛЕР ЖУБАЙЛАРЫ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ, РКДАГЫ ШВЕЙЦАРИЯ ЭЛЧИСИНИН ЖУБАЙЫ:

- Биздин жарманке - өзгөчө, анткени мында дүйнөнүн 53 өлкөсүнүн өкүлдөрү өз өнүмүн сунуштайт. Алар Түштүк Америкадан Кытайга чейин, Финляндиядан Венесуэлага чейин. Бул чындыгында жарманкени өзгөчө кылат, мисалы, сиз биздин өлкөдөн алып келинген швейцариялык быштакты же  израилдик бет май косметикасын сатып ала аласыз. Бардык түп нуска өнүмдөр биздин Рождество жарманкесинде жеткиликтүү болот.

БУШРА АЛЬ-ЗУБАЙДИ, ИРАК ЭЛЧИСИНИН ЖУБАЙЫ:

- Биз Ирактан түрдүү азем буюмдар, ошондой эле, биздин салттуу таттууларды сунуштайбыз. Ошону менен катар, жергиликтүү жана Ирак өнүмдөрүнөн даярдалган десерттер менен салаттар да болот. Бирок эң башкысы – биз өлкөбүздүн улуттук тамак-аштарын көрсөтөбүз. Өзүңүздөр билгендей, Рождестволук базарга көптөгөн өлкөлөр катышат жана ар ким казакстандыктар тууралуу бир гана жагымдуу таасир калтыргысы келет.

Фото: ru.sputniknews.kz