Казакстан менен БУУнун ыктыярчылары кызматташтыкты кеңейтет

Казакстандын маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен БУУнун ыктыярчылар программасы кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул беделдүү эл аралык уюм менен кызматташууну бекемдөө боюнча милдеттенме БУУнун ыктыярчылар катарына казакстандыктарды тартып, аларга колдоо көрсөтүүнү караштырууда.

Эске сала кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев бугу айында өткөн Казакстан-Орусия жаштар форумуна катышуучулардын демилгесин колдоп, 2020-жылды Казакстанда “ыктыярчылар жылы” деп жарыялаган. Келишим Казакстандын эл аралык ыктыярчылык ишмердигинде ролун активдештирет. Эми өлкөнүн жарандары эл аралык адис катары түрдүү тармактарда БУУнун ыктыярчылары болуп иштей алат.

ОЛИВЬЕ АДАМ, БУУНУН ЫКТЫЯРЧЫЛАР ПРОГРАММАСЫНЫН АТКАРУУЧУ КООРДИНАТОРУ:

-Казакстан Президентинин 2020-жылды ыктыярчылар жылы катары жарыялоосу бул тармактагы ишти илгерилетүүгө жана 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү программасынын максаттарына жетүүгө шарт түзөт. Биз Казакстан менен өнөктөштүктү жана бул өлкөнүн  ыктыярчылык кыймылды өз аймагы менен дүйнө жүзүндө өнүктүрүү аракетин  жогору баалайбыз. Казакстан - адамдарга жардам көрсөтүү салты бар өлкө. «Ашар», башкача айтканда, жакындарга жардам колун сунуу - казак элинин маданиятында мурунтан келе жаткан көрүнүш.

Фото: espanarusa.com