2,5 миңден ашуун социалдык долбоорго каржылай колдоо көрсөтүлдү

Жаштар жылында казакстандык жарандардын коомдук  жигердүүлүгүн жана жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга артыкчылык берилүүдө. Бул максатта, «Zhas Project» долбоору ишке ашырылып жатат. Программа алкагында социалдык долбоорлорду колдоого 1 миллион теңгеге чейин грант бөлүнөт.

Ошондой эле, демилге алкагында катышуучуларга ишкерлик  жүргүзүүнүн сыралары үйрөтүлүп, ай сайын берилүүчү стипендия дайындалат. Быйыл «Zhas Project» долбоору Алматы, Нур-Султан шаарлары менен Акмоло, Маңгыстоо, Атырау жана Батыш Казакстан аймактарынын жаштарын камтып жатат.

Жалпысынан, үч жылдын ичинде өлкөнүн бардык аймактарында тогуз миңден ашуун жигердүү иш-чара өткөрүлүп, 2679 социалдык долбоор каржыланды. Мыктылары борбордо өткөн көргөзмөдө тааныштырылды.

МАКСАТ ӨТЕПБЕРГЕНОВ, ДОЛБООРДУН КАТЫШУУЧУСУ:

- Биз кол өнөрчүлүк менен алектенген казактын улуттук өнөрүн жандандыруу үчүн жана аны түзүү жүрүшүндө заманбап каражаттарды колдонуу үчүн команда түздүк. Долбоордон бөлүнгөн каржыны биз түзмөктөрдү алууга жумшадык. Суроо-талап абдан көп, музыкалык аспаптарга эми өтүп жатабыз. Домбра, кобыз сыяктуу улуттук аспаптарды жасоого аракет кылабыз.

Фото: zhaikpress.kz