Нур-Султанда Эл аралык Түрк жазмасынын кайра жаралуу күнү белгиленди

Нур-Султанда биринчи жолу Эл аралык Түрк жазмасынын кайра жаралуу күнү белгиленди. Улуттук музейде уюштурулган иш-чарага белгилүү окумуштуулар, тарыхчылар, өнөр таануучулар менен коомдук ишмерлер катышты.

Алардын айтымында, байыркы түрк жазуусу учурда Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Монголия өлкөлөрүнүн аймагында кездешет. Казакстанда аларды Жамбыл, Чыгыш Казакстан жана Алматы облустарынан табууга болот.

Серепчилер табылган артефакттардын тарыхый мааниси гана эмес, ошондой эле, тилдин кандай өзгөргөнү тууралуу, дүйнөнүн бардык түрк тилдүү элдери үчүн этногенез, география жана жазма маданияты тууралуу маалыматтын баалуу булагы болуп табылганын атап өттү.

Уюштуруучулардын айтуусунда, быйыл түрк жазуусунун күнү Азербайжанда, Түркияда белгиленет.

МЕРУЕРТ КУРМАНГАЛИЕВА, «ULU BUDUN» КООМДУК БИРИКМЕСИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Казакстандын атынан бул мааракени бардык өлкөлөрдө эл аралык күн деп белгилөө сунушталган. Бул күнгө карата биз абдан дыкат даярдандык. Ошондуктан биз бардык түрк тилдүү өлкөлөрдү чакырдык жана бизге көптөгөн флеш-моб сунушталды, 15 мамлекет жооп берди. Ошентип, биз бардык элдердин, түрк тилдүү элдердин орток биримдикке кызыктар экенин көрө алдык.

Фото: atalarmirasi.org